Жарыяланган 24.02.2023

Социалдык фонддун 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү

2023-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

2022-жылы пенсиялык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу жана улгайган адамдардын жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Атап айтканда, пенсиялык системаны жөнгө салуучу жаңы ченемдик актылар кабыл алынды. Ошондой эле анын иштөө механизмдери өркүндөтүлдү.

Кыргызстандын пенсиялык системасынын 2022-жылдагы негизги жетишкендиктеринин ичинен төмөнкүлөрдү белгилесе болот:

- Пенсиялардын көлөмүн кыйла жогорулады. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га көбөйтүлдү. Бул пенсионерлердин социалдык абалынын жакшырышына өбөлгө түздү.

-   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы №91 Токтомуна ылайык, Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек ара аймактарындагы туруктуу жашаган пенсионерлерге 2022-жылдын 1-мартынан тартып ай сайын төлөнүүчү 2000 сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр белгиленип төлөнүп берилди.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №265 жана 2022-жылдын 31-майындагы №284 Токтомдоруна ылайык, 2022-жылдын 1-июнунан тартып бир багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 3000 сомго, ошондой эле ата-энесинен экөөнөн тең ажырагандыгы боюнча пенсиянын базалык бөлүгү 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго жеткирилди.

- Чакан жана орто бизнести колдоо, чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин санына жараша 27,25% 22 жана 14%га чейин төмөндөтүү аркылуу аларды экономиканын сакталбаган секторунан чыгаруу боюнча мыйзам кабыл алынды.

Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунда Социалдык фонддун кызматтарын көрсөтүүчү Бирдиктүү терезелери ачылды. Анда камсыздандырылган адам КТБ аркылуу төмөнкү кызматтарды алууга арыз бере алат:

  • пенсия дайындоого,
  • пенсияны кайра эсептөөгө,
  • пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алууга,
  • жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алууга,
  • пенсия төлөөнү узартууга,
  • сөөк коюуга жөлөкпул алууга, 
  • пенсияны төлөө каналын алмаштырууга,
  • пенсиянын топтоо бөлүгүнө,
  • пенсиялык күбөлүктү берүүгө

КР Социалдык фондунун төрагасы Б.Алиев өз сөзүндө “Кыргызстандын пенсиялык системасын өнүктүрүү уланууда. Мындан ары да Кыргызстанда пенсиялык системанын натыйжалуулугун жогорулатуу жана улгайган адамдардын жашоосун жакшыртуу боюнча иштерди улантуу фонддун негизги милдети.” – деп белгиледи.

Алдын ала маалыматтар боюнча, КР Социалдык фондунун жалпы кирешеси 81 540,8 млн сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 18 986,6 млн сомго, же 130,4%га өстү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 51 568,7 миллион сом, же өткөн жылга салыштырмалуу 3 023,7 миллион сомго көптү түздү жана белгиленген план тапшырмага карата 106,2%ды түздү. Өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 134,4%га, же 13212,1 млн. сомго өстү.

Аскер кызматчыларына пенсия төлөп берүүгө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2022-жылга 29 352,3 млн. сом болду.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин жалпы чыгымдары алдын ала маалыматтар боюнча 71 151,6 млн. сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу бюджеттин чыгымдары 10 393,1 млн. сомго же 117,1%га көбөйдү.

Пенсиялык фонд боюнча чыгымдар 64 207,6млн. сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу өсүш 8 584,3 млн. сомду болуп, бул пенсиялардын жыл сайын жогорулашы менен шартталган.

2022-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 3 541,6 миллион сом, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 515,8 миллион сом суммасында каржыланды.

2022-жылга пенсияларды төлөөгө зарыл болгон 58 824,9 млн сом өлчөмүндөгү каражат толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 8064,7 млн. сомго көбөйдү.

2023-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 742 миң 870 адамды түздү, анын ичинен 194 миң 345 адам же жалпы санынын 26% “Кыргызпочтасы” Мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу, 548 миң 525 адам же 74% коммерциялык банктар аркылуу пенсияларын алышты.

2022-жылы жалпысынан 74 580 пенсиялык иш чектелген жана кайра эсептелген  (анын ичинде жаңы дайындалганы –  60 122, кайра эсептелгени – 14 458).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы  №710 Токтомуна ылайык «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 745  Токтомун ишке ашыруу максатында, камсыздандырылган адамдардын ипотекалык насыялоодо баштапкы төлөмдөрүн каржылоо үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө укугун берүү каралган. 2022-жылы бул максаттарга 34,2 миллион сом төлөнгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №261 Токтому менен өзгөртүү жана толуктоо киргизилген. Ошонун негизинде жарандар өзүнүн пенсиялык топтолгон каражатын мурда алган ипотекалык кредитин жабууга колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле расмий түрдө жумушсуз деп таанылган камсыздандырылган жарандар, калк үчүн жашоо минимумдан ашпаган бир айлык өлчөмдө үч айдан мөөнөттө бир жолу алганга укугу бар (8025 сом). 2022-жылы 241,5 млн сом өлчөмүндө ипотекалык насыясы бар адамдарга төлөө үчүн пенсиялык топтоо, ошондой эле расмий түрдө жумушсуз деп табылган адамдарга 763,0 миң сом өлчөмүндө пенсиялык топтоо төлөндү.

Жалпысынан мамлектеттик ипотекалык кредит алып жаткан камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандандыруу эсептеринен инвестициялык кирешелерди эске алуу менен 2 480 жаранга көчүрмөлөр берилди, анын ичинен 318 киши биринчи жолу ипотекалык кредит алып жаткандарга, 2 001 киши мурдагы алган ипотекалык кредитин жабуу максатында топтоо каражатын алгандарга, 161 киши расмий түрдө жумушсуз деп таанылган камсыздандырылган жарандарга төлөнүп берилди.

Социалдык фонддун эл аралык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат.

ЕАЭБ

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Бул макулдашуунун алкагында 2022-жылы 27 жаранга, анын ичинен Россиянын 24 жаранына, Казакстандын 3 жаранына пенсия чектелген.

Мындан тышкары, пенсиянын бир бөлүгү Россия тарабынан Кыргыз Республикасынын 1 жаранына (багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу) дайындалган.

Түркия

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында түрк тараптан иш стажы жөнүндө жалпысынан 119 суроо-талап келип түшүп, бул суроо-талаптар иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди. Мунун ичинен 66 суроо-талап 2022-жылы  жиберилген.

Корея

Бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 75 адамды, анын ичинде 2022-жылы 10 адамды түзөт.

2022-жылга орточо бир жолку төлөм 3,590 долларды түздү.