Жарыяланган 21.02.2023

Соцфонддо 2023-жылдын 21-февралында Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Сабаттуу жазуу» дилбаян акциясынын мыктылары аныкталды

Соцфонддо 2023-жылдын 21-февралында  Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Сабаттуу жазуу»  дилбаян акциясынын мыктылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда 2023-жылдын 21-февралында Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Сабаттуу жазуу»  дилбаян акциясынын катышуучуларына сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Улутубуздун уңгусу болгон эне тил күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылдын 7-февралындагы № 26 буйругу чыккан.

Аталган иш-чарага бардыгы болуп 14 (он төрт) кызматкер катышып, бекитилген буйуктун негизинде түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен «Сабаттуу жазуу»  дилбаян акциясынын мыктылары аныкталды:

  • Тагаев С.Н. - I даражадагы диплом жана сыйлык;
  • Абазбеков А.Д. - II даражадагы диплом жана сыйлык;
  • Темирканова Ч.Т. - III даражадагы диплом жана сыйлык;
  • Алагөз кызы Н. - сыйлык.

Бүгүнкү сыйлык ээлерин чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Ар дайым сиздердей мекенчил уул-кыздарыбыздын эли, жери, тили үчүн күжүрмөн эмгеги барда элибиздин уучу кур болбостон эне тилибиз кылымдарга жашай бермекчи!

Майрамыңыздар менен!