Жарыяланган 21.02.2023

Эл аралык эне тил күнү менен куттуктоо!

 Эл аралык эне тил күнү менен куттуктоо!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү менен куттуктайм!

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү деп, 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун  30 сессиясында белгиленген. Бул майрамдын алкагында улуттун уюткусу катары бааланган эне тил жөнүндө ар түрдүү багытта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Ак калпактуу Ала-Тоо жергесинде байырлаган, кылымдарга карт тарыхты баяндаган улуу элибиздин элдүүлүгүн даңазалаган эне тилибизге байланышкан улуттук наркы, каада-салты, мурасы дал ушул биз сүйлөп жаткан тилибиз менен ачыкталып келгендиги талашсыз.

Жаратман элибиз улутубуздун уюткусу да, уңгусу да аталган эне тилибизде, көөнөргөн көркөм сөзү менен кылымга тете мурастарыбызды баяндап келген.

Ата-бабадан таберик калган улуу тилибизди жайылтууга, аны коомдо эркин колдоно билүүгө болгон натыйжалуу кадамдардын бири улут арасында тилибиз жана маданий мурастарыбыз менен тааныштыруу, аны даңазалоо жана башка тилдер аралык тилектештикти пикир алышууну туура колдоно билүү эмеспи.

Улутубуздун мамлекет болуп калыптаныша өбөлгө түзгөн бай тилибиздин эч качан уучу кур болбосун! Жаратман элибиз сүйлөгөн улуу тилибиз кылымдарга даңазалана беришине тилектешмин!

Майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                                     Б. Алиев