Жарыяланган 20.02.2023

Социалдык фонддун кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардам катары бир күндүк эмгек акысын которду

Социалдык фонддун кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардам катары бир күндүк эмгек акысын которду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эмгек жамааты Түркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткан боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, кырсыктын кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү максатында бир күндүк айлык маянасын которду.

Чогултулган 1 385 274,23 сом акча каражаты Түркияга жардам колун сунуу үчүн Кыргызстанда ачылган атайын бирдиктүү эсепке которулду.

Биз сиздер мененбиз, урматтуу боордоштор!