Жарыяланган 26.01.2023

Кыргызстандын Социалдык фондунун эксперттери Түркиянын Эмгек министрлиги менен пенсия боюнча келишимдин аткарылышын талкуулашты

Кыргызстандын Социалдык фондунун эксперттери Түркиянын Эмгек министрлиги менен пенсия боюнча келишимдин аткарылышын талкуулашты

 

2023-жылдын 17-январынан 19-январына чейин Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн, тактап айтканда, пенсияларды дайындоо жана которуу маселелерин,  тараптардын компетенттүү мекемелери тарабынан пенсияларды экспорттоо варианттарын талкуулашты.

Ошондой эле төлөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери жана жарандарды пенсиялык камсыздоо, медициналык камсыздандыруу, өндүрүштүк кырсыктарды жана кесиптик тобокелдиктерди азайтуу жаатында  тажырыйба алмашуу тууралуу маселе да көтөрүлдү.

 

Жолугушуу достук жана конструктивдүү кызматташтык кырдаалында өтүп, жогоруда аталган Келишимди ишке ашыруунун алкагында конструктивдүү диалог процессин улантуунун маанилүүлүгү, ошондой эле институттар ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалык өнүгүүсү баса белгиленди.