Жарыяланган 19.01.2023

Соцфондунун 2022-жылдын 12 айындагы негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматы

Соцфондунун 2022-жылдын 12 айындагы негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылдын 12 айындагы негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматы

 

            2022-жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин алдын ала аткарылышы.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин жалпы кирешеси 81 540,8 млн. сомду түздү же 2021-жылга салыштырмалуу 130,4%га, же 18 986,6 млн. сомго көбөйдү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 51 568,7 млн. сомду түзүп, белгиленген план 3 023,7 млн. сомго көп же 106,2%га аткарылды. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 134,4%га же 13 212,1 млн. сомго өстү.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 2022-жылы 29 352,3 млн. сомду түздү.

            (млн. сом)

 

2021-ж.

аткары-лышы

2022-ж.

такталган бюджети

2022-ж.

алдын ала аткарылы-шы

2021-ж. карата

такталган бюджетине карата

+/-

%

+/-

%

БАРДЫК КИРЕШЕЛЕР

62 554,2

78 375,6

81 540,8

18 986,6

130,4

3 165,2

104,0

1. Камсыздандыруу төгүмдөрү

38 356,6

48 545,0

51 568,7

13 212,1

134,4

3 023,7

106,2

2. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар

23 827,4

29 352,3

29 352,3

5 524,9

123,2

0,0

100,0

3. Башка кирешелер

370,2

478,3

619,8

249,6

167,4

141,5

129,6

 

Ошондой эле, туумдардан жана айыптардан Социалдык фонддун эсептериндеги акча каражаттардын күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздардан, дивиденддерден ж.б. булактардан 619,8 млн. сом киреше алды. Өткөн жылдын ушул мегилине салыштырмалуу 249,6 млн. сомго көп.

Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгымдары алдын ала маалыматтар боюнча 71 151,6 млн. сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу бюджеттин чыгымдары 10 393,1 млн. сомго же 117,2%га көбөйдү.

            (млн. сом)

 

2021-ж.

аткары-лышы

2022-ж.

такталган бюджети

2022-ж.

алдын ала аткарылы-шы

2021-ж. карата

такталган бюджетине карата

+/-

%

+/-

%

БАРДЫК ЧЫГЫМДАР

60 758,6

72 489,9

71 151,6

10 393,1

117,2

-1 338,3

98,2

Пенсиялык фонд боюнча, анын ичинде:

55 623,3

65 548,4

64 207,6

8 854,3

115,4

-1 340,8

98,0

пенсия жана жөлөкпулдар

50 760,2

59 780,5

58 833,3

8 073,1

115,9

-947,2

98,4

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча

2 742,1

3 541,5

3 541,5

799,4

129,2

0,0

100,0

Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фонду боюнча

212,1 

671,3

515,8

303,7

243,2

-155,5

76,8

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду боюнча

2 181,2

2 728,7

2 886,7

705,6

132,3

158,0

105,8

 

Пенсиялык фонд боюнча чыгымдар 64 207,6 млн. сомду түздү, 2021-жылга салыштырмалуу өсүш 8 854,3 млн. сомду түздү, бул пенсиялардын жана пенсионерлердин санынын жыл сайын жогорулашы менен шартталган.

2023-жылдын 1-январына карата алдын ала маалыматтар боюнча пенсионерлердин саны 742,8 миң адамды түздү, анын ичинен ААК «Кыргыз почтасы» аркылуу пенсия алуучулар – 194,3 миң адам же жалпы пенсинерлердин санынан 26%, коммерциялык банктар аркылуу – 548,5 миң адам же 74%.

2022-жылы пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 58 833,3  млн. сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок.

Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма  8 073,1 млн. сомго көбөйдү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 3 541,6 млн. сомго каржыланды же өткөн жылдын ушул мегилине салыштырмалуу 799,5 млн. сомго көп.

Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фонду 515,8 млн. сомго каржыланды же өткөн жылдын ушул мегилине салыштырмалуу 303,7 млн. сомго көп.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан 10 616,7 млн. сом инвестицияланып, өткөн жылдын ушул мезгилинде 9 089,9 млн. сом инвестицияланган.

 (млн.сом)

Финансылык инструменттер

2021-ж.

12 айына

Кирешелүүлүгү (%)

2022-ж.

12 айына

Кирешелүүлүгү (%)

+/-

Мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК)

4 779,9

7,55-18,0

6 506,8

12,5-16,5

1726,9

Депозиттик салымдар

4 310,0

12,1-15,2

4 109,9

13,0-18,5

200,1

Бардыгы

9 089,9

 

10 616,7

   
 

 

2022-жылдын январь-декабрь айларында МТПФ каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер 3 571,8 млн. сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 582,6 млн. сомго көбөйдү.

 (млн.сом)

Кирешелер

2021-ж. 12 айына

2022-ж. 12 айына

+/-

Камсыздандыруу төгүмдөрү

2 181,2

2 886,7

705,5

Инвестициялоодон кирешелер:

2 989,2

3 571,8

582,6

МБК жайгаштыруудан киреше

2 649,9

2 928,6

278,7

депозиттик салымдар боюнча

пайыздык киреше

332,2

630,4

298,2

МТПФ эсебиндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздардан киреше

6,8

12,9

6,1

 

           

2022-жылдын 12 айында, алдын ала маалыматтар боюнча МТПФ каражаттарынан төлөмдөр 665,6 млн. сом суммасында каржыланды, анын ичинде ипотекалык насыя алуучуларга 275,7 млн. сом, расмий түрдө убактылуу жумушсуз деп табылган адамдарга 0,8 млн. сом, оор орууга кабылган адамдарга 6,2 млн.сом.  2021-жылга салыштырмалуу МТПФ каражаттарынан төлөмдөрдү каржылоо 316,3 млн. сомго көбөйдү.

  Мамлекеттик эмес топтоочу пенсиялык фонддорго 2022-жылы которулган пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасы 21,7 млн. сомду түздү.

 (млн.сом)

 

2021-ж. 12 айына

2022-ж. 12 айына

+/-

БАРДЫК ЧЫГЫМДАР

404,5

689,1

284,6

Пенсиялык топтоо каражаттарынан төлөөлөрдү каржылоо, анын ичинде:

349,3

665,6

316,3

ипотекалык насыя төлөөчүлөргө

11,4

275,7

264,3

убактылуу жумушсуздарга

-

0,8

0,8

оор орууга кабылгандарга

2,1

6,2

4,1

Мамлекеттик эмес топтоочу пенсиялык фонддорго которулган

55,2

21,7

-33,5

 

 

 

            Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга укуктарын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2022-жылы төмөнкү иштер аткарылды:

 

Пенсиянын жогорулашы:

  1. Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу балдардын пенсиялык камсыздоосу жогорулатылды.

            Атасынан же энесинен айрылган учурда багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2022-жылдын                1-январынан тартып 2000 сомго жана 2022-жылдын 1-июнунан тартып 3000 сомго жеткирилди, ата-энесинин экөөнөн тең айрылган учурда 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго жеткирилди.

                (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы № 153 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                           15-ноябрындагы № 265 жана 2022-жылдын 31-майындагы № 284 токтомдору).

  1. Пенсияларды индексациялоо жыл сайын Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлүп жатат.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 3170 сом деп белгиленип, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га индексацияланды.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсионерлер пенсиясын жогорулатылган өлчөмдө алып жатышат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                                  9-сентябрындагы № 504 жана № 505 токтомдору).

Пенсиялык системанын эффективдүүлүгүн жогорулатуу:

  1. Кыргыз Республикасынын «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын  Стратегиясы бекитилди. Стратегиянын негизги максаты - пенсия чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана пенсиялык системанын бардык катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү менен адилеттүлүгүн жана майнаптуулугун жогорулатууга, пенсия чектөө иштерин жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга укуктук негиздерди түзүү жана так милдеттерди, иш-чараларды аныктоо.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                                  16-декабрындагы № 704).

Пенсиялык топтоолордун өсүшүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмесин кеңейтүү:

  1. Пенсиялык топтолгон каражаттарды кредиттик уюмдарга чет өлкөлүк валютада мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү Социалдык фондко берилди.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                              11-февралындагы № 73 токтому).

  1. Өлкөнүн финансы рыногундагы АКШ долларынын жана евронун курсунун кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алуу менен пенсиялык топтомо каражаттарын депозитке жайгаштырууда ЭКӨУ мамлекеттеринин чет өлкөлүк валюталарына байлануусун алып салынды, ошондой эле пенсиялык топтомо каражаттарынын бир эле коммерциялык банкта топтоо ченеми  20%дан 15%га азайтылды жана пенсиялык топтомо каражаттарын көбөйгөндүгүнө байланыштуу депозиттик салымдардын портфели  35%дан 25%га азайтылды.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                              8-сентябрындагы № 487 токтому).

            Пенсиялык топтомо каражаттарын төлөп берүүнүн жаңы механизмдери:

  1. Камсыздандырылган жарандарга өзүнүн же жубайынын атындагы ипотекалык насыяны жабууга,  ошондой эле расмий тартипте жумушсуз деп таанылса үч айдан ашык эмес мөөнөткө жумушсуздук боюнча пособие катары калктын жашоо минимуму өлчөмүндө (7040 сом) пенсиялык топтолгон каражаттарынан арыз берип (ошондой эле электрондук түрдө) алуу укугу берилди.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 261 токтому).

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

  1. Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга  келечекте пенсиялык камсыздоодо тең укуктарды берүү үчүн социалдык камсыздандыруу багыты боюнча бирдей милдеттер орнотулду. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандардын азыркы учурда 3% өлчөмүндө төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын кызматкер-жарандары үчүн 27,25% өлчөмүндө белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине теңештирилди.

            (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2022-жылдын 19-ноябрынан тартып күчүнө кирди)).

  1. Пенсиялык системанын майнаптуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерди андан ары өнүктүрүү жана колдоо, аларды экономиканын байкоо жүргүзүлбөгөн секторунан чыгаруу максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери кызматкерлердин санына жана орточо айлык эмгек акыга жараша 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

(«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы).

  1. Эл аралык кызматташтык:
  • 2022-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда кызматташуу боюнча Макулдашуу түзүлдү.
  • 2022-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Мамлекеттер аралык банкынын ортосунда кызматташуу боюнча Макулдашуу түзүлдү.
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин алдындагы “Жарандар үчүн Өкмөт” Мамлекеттик корпорациясы”  ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара аракеттенүү  жөнүндө макулдашуунун  долбооруна ички мамлекеттик процедуралары өткөрүлдү  (дипломаттык каналдар аркылуу Казакстан тарапка жөнөтүлдү (2022-ж., 06.07., № 2-4/2789)).

 

  • Кыргыз Республикасынын жана Молдова Республикасынын ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө Макулдашуунун долбоору иштелип чыкты (ички мамлекеттик процедуралары өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна жөнөтүлдү (2022-ж., 23.12.,  № 7-9/5593)).
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекистан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору иштелип чыкты (дипломаттык каналдар аркылуу Өзбекистан тарапка жөнөтүлдү (2022-ж., 09.12., № 2-9/5241)).
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Германия Федеративдик  Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору иштелип чыкты (дипломаттык каналдар аркылуу Германия тарапка жөнөтүлдү (2022-ж., 16.03., № 2-4/1049)).
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Азербайджан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги ортосундагы Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Протоколунун долбоору иштелип чыкты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 515 тескемеси менен макулдугу берилди). Азербайджан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин 2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик иш-сапарынын алкагында колдор коюлду.

 

Азыркы учурда төмөнкү укуктук ченемдик актылардын долбоорлору иштелип жатат:

  1. Инвестициялык портфелдин структурасын кеңейтүү жолу менен аларды инвестициялоодо пенсиялык топтоолордун өсүшүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмесин кеңейтүү максатында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө”, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.
  2. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, анда 1 га чейин жер үлүшүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбаларга камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө укугун берип, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө каалоосу болгон учурда кыскартылган орточо айлык эмгек акынын 6% тарифи сунушталды. Ошол эле учурда  1 га барабар же андан ашык жер үлүшүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбаларга кыскартылган ОАЭ 6% тарифи менен милдеттүү камсыздандыруу каралып жатат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү (2022-ж., 30.09., № 2-6/4004).

  1. Пенсиялык системанын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге жана мыйзамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын шайкештигин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынды (2022-жылдын 14-декабры).

 

Пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө

 

2022-жылдын 1-январындагы абалында иштелип бүтө элек, аткаруудагы пенсиялык иштердин саны 3 535 болгон (анын ичинде жаңы дайындоого – 2 500, кайра эсептөөгө – 1 035).

2022-жылдын январь - декабрь айларында пенсия чектөө жана кайра эсептөө үчүн 73 515 пенсиялык иш түштү (анын ичинде жаңы дайындоого – 59 389, кайра эсептөөгө – 14 126).

Жалпысынан 74 580 пенсиялык иш чектелди жана кайра эсептелди (анын ичинде жаңы дайындалганы – 60 122, кайра эсептелгени – 14 458).  

2023-жылдын 1-январындагы абалында иштелип бүтө элек, аткаруудагы пенсиялык иштердин саны 2 470 болду (анын ичинде жаңы дайындоого – 1 767, кайра эсептөөгө –              703).

Эл аралык келишимдердин негизинде пенсиялардын чектелиши:

Бүгүнкү күнгө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтолгон каражаттарын бир жолу алуучулардын саны 75 адам болду (анын ичинде 2022-жылы - 10 адам), алардын арасынан 63 адамга каражаттары төлөнүп берилди, 9 адамга төлөөдөн баш тартылды. Бир жолу төлөнүүчү пенсиялык топтолгон каражаттын орточо өлчөмү 3142 АКШ долларын түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө Келишимдин алкагында түрк тараптан эмгек стажы жөнүндө 119 суроо-талабы келди (анын ичинде 2022-жылы - 66), алардын арасынан 110 суроо-талап иштетилип, тиешелүү жооптору берилди.

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун алкагында 2022-жылы 27 адамга пенсия чектелди, анын арасынан 24 адам Россия Федерациясынын жараны, 1 адам Казахстан Республикасынын жараны.

Андан тышкары, Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын                      1 жаранына пенсиясынын бир бөлүгү чектелди (багуучусунан айрылгандыгы боюнча).