Жарыяланган 18.01.2023
Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.
Социалдык фонд 2022-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-16,5% жылдык кирешелүүлүгү менен 6 506 781,7 миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 4130937,0 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.
Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 10 616 718,7 миң сом инвестицияланган.
Отчеттук мезгилде 1 637 788,5 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 4 840 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.
2022-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 928 562,5 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 630 371,7 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 12 899,3 миң сом.
Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 571 833,5 миң сом киреше алынган.