Жарыяланган 18.01.2023
Соцфонд 2022-жылы 74580 жаранга пенсия чектеди.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2022-жылдын январь-декабрь айларында 74580 жаранга пенсия дайындалып чектелди.
Ошонун ичинде, 2022-жылы декабрь айында 6515 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2294 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.