Жарыяланган 11.01.2023

Соцфонд акционердик коомдордун башкаруу органдарына кадрлар резервин түзүү үчүн документтерди кабыл алып жаткандыгын жарыялайт.

Соцфонд акционердик коомдордун башкаруу органдарына кадрлар резервин түзүү үчүн документтерди кабыл алып жаткандыгын жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд акционердик коомдордун башкаруу органдарына кадрлар резервин түзүү үчүн документтерди кабыл алып жаткандыгын жарыялайт.

Акционердик коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн Социалдык фонддун кадрларынын резервине киргизүүгө арыз берген талапкерлерге карата талаптар:

1) адистин экономика тармагында иштөө үчүн зарыл болгон укуктук базаны, маркетинг теориясын, корпоративдик башкаруунун негиздерин, менеджментти, финансылык аудитти жана стратегиялык пландоону билүүсү;

2) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, «Акционердик коомдор жөнүндө»,  «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды билүү;

3) соттуулугунун жоктугу;

4) 27 жаштан кем эмес жаш (паспортко ылайык);

5) жогорку экономикалык, юридикалык же техникалык билим (билими жөнүндө документке ылайык);

6) менчиктин түрүнө карабастан, чарбалык коомдордо жана башка уюмдарда жетекчи кызматтарда же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу  (эмгек китепчесине ылайык).

Өткөрүлгөн конкурстун негизинде тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер акционердик коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн Социалдык фонддун кадрлар резервине киргизилет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

— белгиленген үлгүдө түзүлгөн арыз;

— белгиленген үлгүдө толтурулган анкета;

— талапкердин паспортунун көчүрмөсү жана жогорку билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

— кошумча билими жана квалификациясы жөнүндө документтердин көчүрмөсү (эгер болсо), нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн;

— акыркы иштеген жери боюнча жумуш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.

Кадрлар резервине талапкерлер үчүн белгиленген үлгүдөгү анкета, арыз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун расмий сайтына төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: http://www.socfond.kg.

Документтер 2023-жылдын 26-январына чейин, саат 17.00  төмөнкү дарек боюнча көктөмө папкада тапшырылышы керек: Бишкек ш.,  Радищев көчөсү 62, 16а каб тел: 0 (312) 54-82-84 

 

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНЕ ТЕСТ СУРООЛОРУ