Жарыяланган 30.12.2022

Жаңы жылдык куттуктоо!

Жаңы жылдык куттуктоо!

Урматтуу мекендештер!


Жалпыңыздарды жаңырып келген жаңы 2023-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!


Жаңырган жыл жалпыбыз үчүн жаңы жетишкендиктердин, ынтымактын, тынчтыктын жылы болуп, өлкөбүзгө, элибизге мол ырыскы, бакыт алып келсин.

Ошону менен бирге, алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашып, жаңы жылдын ар бир күнү жакшылыктар жана жеңиштер менен коштолсун.

Эгемен Кыргызстаныбыз өнүгүп, аны жердеген көп улуттуу кыргыз элинин биримдиги артып, бакубат турмушта өмүр сүрүшсүн!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы Б.Алиев