Жарыяланган 24.11.2022
Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.
Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.
Социалдык фонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-16,0% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 422 473,2 миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 3 309 937 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.
Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 8 732 410,2 миң сом инвестицияланган.
Отчеттук мезгилде 1 493 987,5 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 3 640 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.
2022-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 291 508,0 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 500 701,7 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 5 759,0 миң сом.
Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 797 968,7 миң сом киреше алынган.