Жарыяланган 23.11.2022

Некролог - Абдыкалыков Орозмат

Некролог - Абдыкалыков Орозмат

23-ноябрда 73 жаш курагында КР Социалдык фондунун мурдагы төраганын биринчи орун басары  Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович каза болду.

1950-жылы 20-июнда Ош облусунун Алай районундагы Тамбашат айылында туулган. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн.

Орозмат Абдыкалыков эмгек жолун 1971-жылы баштап, ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалаган.

1999-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы жамааты Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыковичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-булесунө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Орозмат Абдыкалыковичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.