Жарыяланган 23.11.2022

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө.

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө.

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Бул Макулдашуунун алкагында 2022-жылдын январь-октябрь айларында18 жаранга, анын ичинен Россиянын 15 жаранына, Казакстандын 2 жаранына пенсия чектелген.

Мындан тышкары, пенсиянын бир бөлүгү Россия тарабынан Кыргыз Республикасынын 1 жаранына (багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу) дайындалган.