Жарыяланган 18.11.2022

Окуу борборунун демейки күндөрү

Окуу борборунун демейки күндөрү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси тарабынан пенсия менен камсыздоо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында «Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө» маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

2022-жылдын апрель-ноябрь айларында Бишкек шаарында жайгашкан М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Музыкалык орто окуу жайынын, И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык колледжи, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кадрларын кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу, социалдык-гуманитардык факультеттеринин, Эл аралык Башкаруу, укук, каржы жана бизнес Академиясынын, “Манас” атындагы КТУнун кесиптик колледжинин, Бишкек финансы-экономикалык техникумунун, КРнын Профсоюздар Федерациясына караштуу Эмгек, социалдык мамилелер Академиясынын, № 2, 83,14, 29, 73, 79, 93, 95, 96 орто мектептеринин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын клиникалык диагностика бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана реабилитациялык дарылоо илим-изилдөө институтунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов, Ленин административдик райондору боюнча муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын Ленин райондук №1 муниципалдык-аймактык башкармалыгынын, Свердлов райондук №19 муниципалдык-аймактык башкармалыгынын, «Уста Контракшн» ЖЧКсынын, «ВетМедСервис» ЖЧКсынын, КТРКнын, «Эко Ислам Банкы» ЖАКнын, Бишкек шаарынын Архитектура, турак жай-курулуш департаментинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, «Апаке» коомдук фондунун, КРнын Санариптик өнүктүрүү минстрлигине караштуу мамлекеттик «Кадастр» ишканасы, «Синда-Сервис» ЖЧКсынын, «Жаратман Инновация» коомдук фондунун, «Айыл Банк» ААКнын, №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, КРнын БШКнын, КРнын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фондунун, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фондунун Бишкек шаардык башкармалыгынын, КРнын Санариптик өнүктүрүү минстрлигине караштуу Архив агенттигинин эмгек жамааттарына, профессордук-окутуучулар түзүмүнө жана студенттерине лекциялар өткөрүлдү.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча лекцияларга 3663 кызматкерлер, студенттер катышышты.

Бул окуулардын жүрүшүндө Окуу борборунун кызматкерлери катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берип, атайын чыгарылган буклеттер да таркатылды.

Ошондой эле Окуу борборунун кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык колледжи тарабынан уюштурулган. И.Арабаева «Заманбап рыноктун шартында кадрларды даярдоо боюнча ишканалар менен колледждин кызматташуусунун келечеги» деген темадагы конференцияга катышылды.

Мындай иш-чаралар жыл сайын мурда түзүлгөн график боюнча уюштурулуп турат.