Жарыяланган 1.11.2022

Окуу борборунун күндеми

Окуу борборунун күндеми

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси адистердин  кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Жобонун, 2022-жылдык иш-планынын жана 2022-жылдын 16-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук (шаардык) башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйынынын протоколунун негизинде, КРСФнун Борбордук аппаратынын адистери менен биргеликте Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй областарынын жана Бишкек шаарынын райондук-шаардык башкармалыктарынын камсыздандыруу төгүмдөрүн пландоо жана эсепке алуу, пенсия чектөө жана кайра эсептөө, пенсияларды төлөө бөлүмдөрүнүн адистерине, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Салык кызматынын райондук башкармалыктарынын адистеринин катышуусу менен  2-күндүк техникалык семинар-окутууларды өткөрдү.

Бул окутуулар Соцфонддун мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр жөнүндө, Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн пландоо жана эсепке алууда КР Салык кызматы менен биргеликте иш алып баруу жана такталбаган төлөмдөр боюнча так келишпестиктерди чечүү жолдору, пенсияларды чектөөдө райондук башкармалыктар тарабынан “Elled” программасынын базасына маалыматтарды киргизүүдө келип чыккан маселелер боюнча,  КРнын министрликтери, ведомстволору менен өз ара аракеттенүү маселелери, уюм-мекемелер менен маалымат жана социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарды алмашуу, ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө жана Турция, Түштүк Корея мамлекеттеринде иштеген жарандарды пенсия менен камсыздоонун тартиби, 1992-жылдын 13-мартындагы КМШ мамлекеттеринин Келишиминин 7-статьясынын жана Казахстан Республикасынын “Азаматтарга арналган өкмөт” мамлекеттик корпорациясы тарабынан берилген өтүнүч-катынын негизинде бир учурда эки мамлекеттен пенсия алууну болтурбоо максатында иш алып баруу, пенсияларды төлөп берүүдө “Elled” программасында жаралган маселелер боюнча, ошондой эле чечендик өнөр, сөздү так ачык, көркөм, туура, түшүнүктүү жеткирүү ыкмалары жөнүндөгү жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды камтыган кеңири маалыматтар берилип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, техникалык жардам көрсөтүлүп, суроолорго жооптор берилди.

Бул окутууларды адистер өтө кызыгуу менен кабыл алышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенишип, кесиптик билим деңгээлдерин жогорулатышты.

Семинар-окутууларды өткөрүү Социалдык фонддун ишкердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуүга түздөн-түз таасирин берип, адистерге иш алып барууда жер-жерлерде чоң жардам көрсөтүлөөрү аныкталып, ушундай окутуулар дайыма өткөрүлүп туруусун райондук башкармалыктардын жетекчилери суранышты.