Жарыяланган 23.09.2022

Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоо!

Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоо!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!

Кыргыз тили – эгемендүү эркин мамлекетибизде элибиздин эркиндигин айгинелеген мамлекеттик тили. 

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга орчундуу кадам жасаган.

Мыйзам кабыл алынган күндөн бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир катар иштер аткарылып келет.

Эгемендүү элибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө максатында мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны өз тилинде сүйлөөгө, аны коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. 

Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, кол ойноткон  ышкыбоз жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна тилектешмин!        

Майрамыңыздар менен!