Жарыяланган 14.09.2022

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн токтомуөлчөмүн белгилөө жөнүндө

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 3 170,0 (үч миң жүз жетимиш) сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2.   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аны жаңы өлчөмдө төлөөнү камсыз кылсын. 

3.   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1)   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында “Топтолгон финансылык резервдер” 2829-чыгашалар беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен 3 083 000 000,0 (үч миллиард сексен үч миллион) сом суммасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бөлүп берсин; 

2)   “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров