Жарыяланган 20.09.2022

Соцфонд Баткен окуясында жабыркагандарга жардам катары бир күндүк маянасын которду.

Соцфонд Баткен окуясында жабыркагандарга жардам катары бир күндүк маянасын которду.

КР Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун кызматкерлери 2 143 186 сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Борбордук казыналыктын атайын эсебине которду.

Социалдык фонддун жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына куралдуу кол салуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жабыркагандарга жана жарадар болгондорго тез сакайып кетишин каалайбыз!