Жарыяланган 20.09.2022
Соцфонд Баткен окуясында жабыркагандарга жардам катары бир күндүк маянасын которду.
КР Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун кызматкерлери 2 143 186 сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Борбордук казыналыктын атайын эсебине которду.
Социалдык фонддун жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына куралдуу кол салуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жабыркагандарга жана жарадар болгондорго тез сакайып кетишин каалайбыз!