Жарыяланган 20.09.2022

Барыбыз бирге - коррупцияга каршы!

Барыбыз бирге - коррупцияга каршы!

Барыбыз бирге - коррупцияга каршы!

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда тегерек стол форматында 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча
иш-аракеттердин стратегиялык планынын долбоору коомдук талкууга алынды.

Социалдык фонддун коррупцияга каршы стратегиялык планынын долбоорун талкуулоого Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Н.А. Муканова, Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин мүчөлөрү, жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

КР Президентине караштуу КИКтин башкы катчысы Н.А. Муканова катышуучуларды Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга Мамлекеттик коррупцияга каршы стратегиясы, Стратегияда сунушталган стратегиялык мамилелер жана максаттар, коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планынын долбоорун түзүүнүн методологиясы жана методикасы менен тааныштырды.

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Ибраимова Т.Ф. Социалдык фонддун стратегиялык планынын долбоорун сунуштады. Талкуунун жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары коррупцияга каршы чараларды жана милдеттерди күчөтүү, камсыздандыруучуларга жана камсыздандырылган адамдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.

Стратегиялык пландын жеткире иштелип чыккан долбоору аны андан ары ишке ашыруу үчүн Социалдык фонддун башкармасына бекитүүгө берилет.