Жарыяланган 12.09.2022

2022-жылдын 12-сентябрында Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин отуруму болуп өттү.

2022-жылдын 12-сентябрында Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин отуруму болуп өттү.

2022-жылдын 12-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун төрагалыгында Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өткөрүлүп, «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору каралды жана жактырылды.

Социалдык фонддун 2022-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 78 375 625,3 миң сом суммасында түзүлдү, чыгашалары 2022-жылга 72 489 930,9 миң сом суммасында такталды.

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору иштелип чыгып, аталган токтомдордун долбоорлору менен 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 3170 сом суммасында белгилөө жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 15%га индексациялоо каралган.

Ал эми, 2023-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 93 229 841,0 миң сом жана 2024-2025-жылдарга 98 453 894,2 миң сом жана 104 107 328,1 миң сом суммасында түзүлдү. 2023-жылга Социалдык фонддун чыгашалары 87 507 389,8 миң сом, 2024-2025-жылдарга 92 629 521,1 миң сом жана 99 177 874,1 миң сом суммасында пландалууда.