Жарыяланган 15.08.2022

Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу

Кызматкерлердин кесиптик  деңгээлин жогорулатуу

Кызматкерлердин кесиптик  деңгээлин жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй областарынын, Бишкек шаарынын регионалдык башкармалыктарынын башкы бухгалтерлерине кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча 2-күндүк семинар өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн семинар-окутууларга Соцфонддун жогорудагы аталган регионалдык башкармалыктарынын райондук, шаардык башкармалыктарынын, Соцфонддун Окуу борбору мекемесинин жана мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду мекемесинин башкы бухгалтерлери, бардыгы болуп 55 кызматкер катышышты.

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин 2022-жыл үчүн бекитилген окутуу программасына, Социалдык фонддун Башкармасынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы №90 Токтому менен бекитилген “Адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу” жөнүндөгү Жобонун негизинде башкы бухгалтерлерге, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсеп планынын толук сыпаттамасы жана типтүү корреспонденциясын толуктоолору менен колдонуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бухгалтердик эсебин жүргүзүү боюнча колдонмо, 1С программасы менен иш алып баруу, бухгалтердик баланстын түзүлүшү жана анын тиркемелери, пенсияларды төлөөнү жүргүзүүдө “Elled” программасы менен иш алып баруу, мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу, Соцфонддун мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду системасы, пенсиялык топтомолорду төлөө тартибине кирген өзгөртүүлөр жөнүндө, Соцфонддун системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү саясаты жана коррупциялык көрүнүштөрдү чечүү жолдору, ишкердүүлүк этикети–корпоративдик маданиятты куруунун аспабы темаларын камтыган, адистердин кесипкөйлүк билим деңгээлин жогорлатуу боюнча семинар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.