Жарыяланган 4.08.2022

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2022-жылдын январь-июль айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-15,5% жылдык кирешелүүлүгү менен 4 178 277,8  миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 2 560 000 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.

Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы  6 738 277,8 миң сом инвестицияланган.

Отчеттук мезгилде 1 293 472,7  миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 2 255 000,0  миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.

2022-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 625 545,0 миң сом;

- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 327 973,2 миң сом;

- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 4 012,3 миң сом.

Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-июль айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 984 530,5 миң сом киреше алынган.