Жарыяланган 27.07.2022

Окуу борборунун күндеми

Окуу борборунун күндеми

Окуу борборунун күндеми

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси 2022-жылдын 12-13-июль күндөрү Соцфонддун Башкармалыгынын №90-Токтому менен бекитилген, адистердин  кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Жобонун, 2022-жылдык иш-планынын негизинде Ысык-Көл облусунун райондук, шаардык башкармалыктарынын пенсия чектөө, пенсияларды төлөө жана жеке эсепке алуу бөлүмдөрүнүн адистери үчүн 1-күндүк техникалык семинар-окутуу өткөрүлдү.

Бул окутуулар "Пенсияларды борборлоштуруп чектөөдө райондук башкармалыктар тарабынан "Elled"  программасынын базасына маалыматтарды киргизүүдө кетирилген каталыктар", "Пенсия төлөөдө "Elled" программасы менен иш алып баруудагы көйгөйлөрдү чечүү", “Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун пенсиялык топтоолорду төлөө тартибине киргизилген өзгөртүүлөр”, "Ишкердүүлүк этикети-корпоративдик маданиятты куруунун аспабы, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы", "Коррупцияга каршы күрөшүү саясаты жана коррупциялык көрүнүштөрдү чечүү жолдору" темаларын жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды камтыган кеңири маалымат берилип, көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, байма-бай жардам көрсөтүлүп, суроолорго жооптор берилди.

Бул окутууларды адистер өтө кызыгуу менен кабыл алышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенишип, кесиптик билим деңгээлдерин жогорулатышты.

Семинар-окутууларды өткөрүү Социалдык фонддун ишкердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуүга түздөн-түз таасирин берип, адистерге иш алып барууда жер-жерлерде чоң жардам көрсөтүлөөрү аныкталып, ушундай окутуулар дайыма өткөрүлүп туруусун райондук башкармалыктардын жетекчилери суранышты.