Жарыяланган 13.07.2022

Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.

Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.

Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын кабыл алынган нормативдик укуктук актыларына ылайык пенсияларды кайра эсептөө пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт.

Пенсиянын өлчөмүн башка негиздер боюнча кайра эсептөө үчүн төмөндөгү документтер берилиши мүмкүн:

1) пенсия дайындоодо эсепке алынбаган камсыздандыруу стажы жөнүндө документтер;

2) пенсияларды дайындоодо эмгек акысы жөнүндө маалымкат берилбегенде жана пенсия эмгек акынын эң аз өлчөмүнөн эсептелгенде же эмгек акысы жөнүндө маалыматтар толук эмес берилгенде, 1996-жылдын 1-январына чейин 60 ай бою иштегендиги үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат талап кылынат

4) майыптыгынын тобу өзгөргөн учурда - МСЭКтин майыптуулуктун башка тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;

5)  багууда болгондордун саны өзгөргөн учурда - багууда болгон адамдын туулгандыгы же өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, ЖОЖдордун же орто окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө окугандыгы тууралуу маалымкат;

6) үстөктөрдү алуу укугун ырастаган документтер;

- УАМС катышуучусунун же УАМС майыбынын же аларга теңештирилген адамдардын күбөлүгү;

- «Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучусу» күбөлүгү;

- «Кыргыз Республикасынын ардактуу донору», «Кыргыз ССРинин ардактуу донору", «СССРдин ардактуу донору» күбөлүгү;

- сот же башка мамлекеттик органдар (прокуратура же улуттук коопсуздук органдары) тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндө маалымкат;

- II топтогу жалгыз бой майыптын башка бирөөнүн багуусуна муктаж экендиги жөнүндө дарылоо мекемесинин маалымкаты; мында жалгыз жашагандыгынын фактысы жашаган жеринен берилген маалымкат жана текшерүү актысы менен ырасталат;

- СССРдин «Мать-героиня» жана Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер;

7) пенсионер кары-картаңдар же майыптар үчүн жатак үйгө жайгаштырылган учурда - мамлекеттик камсыздоого которулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.