Жарыяланган 21.06.2022

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Социалдык фонд 2022-жылдын январь-май айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-15,1% жылдык кирешелүүлүгү менен 2 190 112,9 миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 1 310 000 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.

Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы  3 500 112,9 миң сом инвестицияланган.

Отчеттук мезгилде 271 065,9 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 990 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.

2022-жылдын январь-май айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 037 826,3 миң сом;

- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 209 803,8 миң сом;

- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 3 025,0 миң сом.

Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-май айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 250 655,1 миң сом киреше алынган.