Жарыяланган 9.06.2022

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтоолорун колдоно алышат.

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтоолорун колдоно алышат.

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтоолорун колдоно алышат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому күчүнө кирди.

Эми, учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыянын пайызын төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алышат. Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин каржылануучу бөлүгүндө 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө пенсиялык топтоо каражаты болууга тийиш.

Ошондой эле, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана пенсиялык топтоолору бар жарандар каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат, ал эми жашоо минимумунан аз өлчөмдө болсо, эсебинде болгон сумма төлөнөт.

Эске салсак, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар адамдарга төмөнкү учурларда дагы топтоо каражаттары чектелет жана төлөнөт:

1) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге;

2) пенсияга чыгууга укуктуу жана камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөөгө кайрылган адамдарга;

3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен жана көчүп жатышкан, жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;

4) каза болгон, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;

5) "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге;

6) ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга бир жолу, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо, менчик турак жайы жок болгон шартта;

7) Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине ылайык оор оорулары бар адамдарга бир жолу, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо.

Маалымат иретинде: Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандыруу фонду, анда камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуучу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого төгүмдөрү топтолот. Бул фонд пенсиялык системага 2010-жылдан баштап гана киргизилген жана анын катышуучулары болуп 1964-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн аялдар (камсыздандырылган адамдар) эсептелет, б.а. буга чейин төрөлгөндөрдүн өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө 2010-2011-жылдар үчүн гана (иштеп төгүмдөрдү төлөгөн шартта) топтомдору болушу мүмкүн, анткени 2012-жылдан баштап алар бул фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган.