Жарыяланган 30.05.2022

Окуу борборунун күндеми.

Окуу борборунун күндеми.

Окуу борборунун күндеми

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу КРнын  Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси 2022-жылдын 16-18-майында, адистердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Жобонун, 2022-жылдык иш-планынын негизинде Жалал-Абад областынын райондук-шаардык башкармалыктарынын пенсия чектөө жана пенсияларды төлөө бөлүмдөрүнүн адистери үчүн семинар-окутууларды өткөрдү.

Бул окутуулар "Пенсияларды борборлоштуруп чектөөдө райондук башкармалыктар тарабынан "Elled"  программасынын базасына мааламаттарды киргизүүдө кетирилген каталыктар", "Пенсия төлөөдө "Elled" программасы менен иш алып баруудагы көйгөйлөрдү чечүү", "Ишкердүүлүк этикети-корпоративдик маданиятты куруунун аспабы, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы", "Коррупцияга каршы күрөшүү саясаты жана коррупциялык көрүнүштөрдү чечүү жолдору" темалары жөнүндө кеңири маалымат берилип, суроолорго жооптор берилди.

Адистер өтө кызыгуу менен кабыл алышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенишип, кесиптик билим деңгээлдерин жогорулатышты.

Бул окутууларды дайыма өткөрүп туруу, Социалдык фонддун ишкердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуүга түздөн-түз таасирин берип, адистерге иш алып барууда жер-жерлерде жардам көрсөтүлдү. Бул окутуулар регионалдык башкармалыктардын бардык кызматкерлерине өткөрүлөт.