Жарыяланган 24.05.2022

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтоолорун колдоно алышат

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтоолорун колдоно алышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөө эрележери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды.

Учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алышат. Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө пенсиялык топтоо болууга тийиш.

Токтом ошондой эле пенсиялык топтоолору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар да бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.