Жарыяланган 28.04.2022

Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо

Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан инвентаризацияга тийиш ченемдик укуктук актылардын тизмеги түзүлгөн. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө нвентаризацияга төмөнкүлөр жатат:

  1. 1996-жылдын 17-июнундагы № 20 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. 1997-жылдын 21-июлундагы № 57 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. 2004-жылдын 2-августундагы № 103 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

      Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү 2-топчонун жумушчу тобу тарабынан белгиленген критерийлерге мыйзамдардын шайкеш келишине баалоо жүргүзүлдү жана бул иштин жыйынтыгы боюнча мыйзамдардын тизмеги түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизилди.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, министирликтер жана ведомстволор менен макулдашылды.

2022-жылдын 12-апрелинде көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жайгаштырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-буйругуна ылайык долбоор ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуунун бирдиктүү порталына 2022-жылдын 14-апрелинде жайгаштырылган.