Жарыяланган 22.04.2022

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Социалдык фонд 2022-жылдын январь-март айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-15,0% жылдык кирешелүүлүгү менен 1 354 939,3 миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 580 000 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,0% чегинде болгон.

Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы  1 934 939,3 миң сом инвестицияланган.

Отчеттук мезгилде 271 065,9 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 310 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.

2022-жылдын январь-март айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер - 541 904,4 миң сом;

- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 98 771,1 миң сом;

- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше - 2288,7 миң сом.

Бардыгы болуп 2022-жылдын 1-кварталында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 642 964,2 миң сом киреше алынган.