Жарыяланган 15.04.2022

Соцфондко 2022-жылдын январь-март айларында 2046 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфондко 2022-жылдын январь-март айларында 2046 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфондко 2022-жылдын январь айында 2046 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

КРнын Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь-март айларында 2046 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен:

  • жазуу турундө кайрылуулар – 126;
  • ооз эки кайрылуулар – 156;
  • электрондук кайрылуулар – 45.

2022-жылдын январь-март айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча  толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  •  пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле, Төраганын орун басарлары жана Аппарат жетекчиси тарабынан 34 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу  мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь-март айларында 1685 телефон чалуулар, анын ичинен  уюлдук телефон аркылуу 387 чалуулар түшкөн.