Жарыяланган 6.04.2022

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамга кол коюлду

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамга кол коюлду

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 9-мартында кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү болуп саналат.