Жарыяланган 5.04.2022

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду

Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун  2021-жылдын 11-декабрындагы  №30-20 кеңешмесинин протоколунун  2-пунктуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун базасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кызмат көрсөтүү иштери башталды.

Бишкек шаарындагы Биринчи Май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондук Калкты тейлөө борборлору пенсияны дайындоо же кайра эсептөө жөнүндө арыздарды кабыл алуу, пенсияны төлөө мөөнөтүн узартуу, пенсияларды төлөө каналын өзгөртүү, сөөк коюуга жөлөкпул алуу, ошондой эле пенсионерлерге пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинен (ӨКЭ) көчүрмөсүн берүү каралган.