Жарыяланган 29.03.2022

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы 

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча 62 554,2 млн. сомду түздү, бул такталган бюджеттен 100,4 % көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 498,1 млн. сомго же 111,6%га көбүрөөк.

38 356,6 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрү түштү. Пландын аткарылышы 100,5% түздү. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5 179,2 млн. сомго же 115,6% өстү.

Аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларды, пенсияларга үстөк акыларды төлөөгө жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 23 827,3 млн. сом суммасында түштү.

Социалдык фонд туумдардан жана айыптардан, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга пайыздардан, дивиденддерден  ж.б. булактардан 370,2 млн. сом киреше алды.

2021-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 758,5 млн. сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4 122,6 млн. сомго көп.

Анын ичинен Пенсиялык фонддун чыгымдары 55 623,3 млн. сомду түздү.

2021-жылдын 1-октябрынан тартып, пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгү 110% га, жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 8% га индексацияланды. Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорулатуу орточо 110%, же 455 сом болуп, пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомду түздү.

715,5 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 984,9 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 154,3 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 830,6 миллион сом кошумча керектелди. 

Ал эми, ата-энесинен бирөөнөн айрылгандыгы боюнча пенсия алган ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып – 1500 сомго чейин, 2022-жылдын 1-январынан тартып – 2000 сомго чейин жеткирилди.

Ата-энесинен экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча пенсия алган ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып –3000 сомго чейин, 2022-жылдын 1-январынан тартып – 6000 сомго чейин жеткирилди. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатууга жалпысынан 2021-жылдын 3 айында 138,0 млн. сом, 2022-жылы – 951,8 млн. сом кошумча каражаттар керектелди.

2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 713 миң адамды түздү, алардын ичинен 221,0 миң адам же жалпы санынын 31 % «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 492 миң адам же 69 % коммерциялык банктар аркылуу пенсия алышат. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 21,4 миң адамга көбөйдү.

2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 742,1 миллион сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 212,1 миллион сом суммасында каржыланды. 

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун бюджети 1 795,7 млн. сом профицит менен аткарылды.