Жарыяланган 10.01.2022

Социалдык фонд Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жарыялайт:

Социалдык фонд

Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө

конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Конституциялык мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын билиши;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди билиши;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташа билиши;

- өз ишин натыйжалуу пландай билиши;

- жамааттын ичинде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар ортосундагы байланыш, карым-катнаш методдорун колдоно билиши;

- компьютердик жана иш техникасында, керектүү программалык продуктыларда иштей билиши.

 

  1. БОРБОРДУК АППАРАТ
  1. Башкы бухгалтер - финансылык эсепке алуу башкармалыгынын башчысы - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • Финансы-экономикалык жана бухгалтердик учет тармагы боюнча жогорку билим.

Иш стажы жана иш тажрыйбасы:

  • бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук системасында 5 жылдан кем эмес иш стажы жана бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук  жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарын билүүсү (1С Бухгалтерия программасы боюнча);
  • жетекчилик иш тажрыйбасы (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда иштеп жаткан кызматкерлердин жогорулатуу учурларын кошпогондо).

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын билүү (1С бухгалтердик программасына ылайык)
  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоону жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну;
  •  талдоону, болжолдоону, жалпылоону, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө мамилелердин интеграцияланышын;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алууну жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууну;
  •  кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табууну жана чечүүнү;
  •  коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл мамилелерди колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү.

Тажрыйбалар:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу тажрыйбалары;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу тажрыйбалары (баш ийүүсүндөгүлөрдүн ортосунда тапшырмаларды туура бөлүштүрүү, өзүнүн баш ийүүсүндөгүлөргө жетекчиликтин стратегиялык максаттарын жана көрүүсүн сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын изденүү);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо тажрыйбалары;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө тажрыйбалары жана аларды практикада колдонуу;
  • жаңжалдуу кырдаалдарды жөнгө салуу тажрыйбалары;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикетке ээ болуу, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде жана иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү тажрыйбалары;
  • функционалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка талаптар.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КЕРЕК:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурска катышууга жеке арыз;

- сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракчасы;

- байланыш телефондору менен таржымал (резюме);

- сунуштамасы болсо (жакшы болот);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен);

- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген);

- эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын ыйгарылышы тууралуу документтин нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырууга жаткан адамдар үчүн), түп нускалары документтерди тапшырууда талапкер тарабынан жеке берилет.

 

Бош кызмат ордуна конкурстун шарттары жана компьютердик тесттин суроолорунун тизмеги менен www.socfond.kg сайтынын «Вакансиялар» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер                      2022-жылдын 24-январына чейин төмөнкү даректердин бирине берилиши керек:

 

  1. Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 (Борбордук аппарат),                       (0312) 54-79-74, 57-65-21 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот;

 

Конкурска катышууга жол берилген талапкерлер берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссияга чакырылат.

 

Жарандардын берилген документтери жана маалыматтары, белгиленген талаптарга жооп бербеген болсо, конкурска катышууга жол берилбейт.