Жарыяланган 24.12.2021

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси тарабынан пенсия менен камсыздоо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында «Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө» маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин Бишкектеги №17 ҮМБнын, Бишкек шаарындагы №51 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлери, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус-Славян университетинин, Кыргызстан Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин, №4 кесиптик лицейинин, И.Арабаев атындагы гуманитардык колледжинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн лекциялар өткөрүлдү.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча лекцияларга 184 кызматкер, студенттер жана мугалимдер катышышты.

Бул окуулардын жүрүшүндө Окуу борборунун кызматкерлери катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берип, атайын чыгарылган буклеттер да таркатылды.

Мындай иш-чаралар жыл сайын мурда түзүлгөн график боюнча уюштурулуп турат.