Жарыяланган 20.12.2021

Эл аралык илимий–практикалык конференция

Эл аралык илимий–практикалык конференция

Эл аралык илимий–практикалык конференция

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин адистеринин катышуусу менен, 2021–жылдын декабрь айында И. Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасында студенттердин практикалык иши боюнча "ЖОЖдун студенттери үчүн практикаларды, кесиптик компетенцияларды калыптандыруунун негизи катары камсыздоо жана кадрлардын кесипкөйлүк билим деңгээлин жогорулатуу" деген аталыштагы эл аралык илимий практикалык конференция on-line жана off-line форматында болуп өттү.

Бул конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинен, Министрликтердин өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы орто мектептердин, лицейлердин директорлору, мугалимдери, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жетектеген ректораттын мүчөлөрү, факультет декандары, кафедра башчылары, педагогика кафедрасынын мүчөлөрү off-line форматында, Россия мамлекетинен Архангельск шаарындагы башкаруу институтунун окутуучулары, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кадрлардын кфалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети on-line форматында катышышты.

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов конференция өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп, студенттердин практикасына өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолду.

Ошондой эле, адистердин кесипкөйлүк деңгээлин жогрулатуудагы маселелер талкууга алынды. Жыйындын соңунда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин грамоталары тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармалыгынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 90 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бардык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу каралган. Окуу борбору мекемеси 2021-жылдын октябрынан баштап аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну on-line форматта өткөрүп келет.