Жарыяланган 13.12.2021

Пенсиянын өлчөмү эмнеден көз каранды?

Пенсиянын өлчөмү эмнеден көз каранды?

Пенсиянын өлчөмү эмнеден көз каранды?

Пенсиянын өлчөмүнүн аздыгы биринчи кезекте өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүшүнүн, андан кийин пенсиялык системанын өзүнүн түзүмүнүн же иштешинин натыйжасы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы социалдык камсыздандыруу принциптерине негизделет. Пенсиянын өлчөмү ар бир жарандын Пенсиялык фондго төлөгөн салымдарынан көз каранды.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жеке мүнөзгө ээ, б.а. ар бир камсыздандырылган адам эмгектик салымына жараша (ошончолук деңгээлде) социалдык жактан коргоого алынат. Бул мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун негизги принциптеринин бири. Камсыздандыруу эсебинде топтолгон төгүмдөрү канчалык көп болсо, пенсиясынын өлчөмү ошончолук жогору болот. Демек көп пенсия  алгандар Пенсиялык фондко кошкон салымына жараша жогору пенсия менен камсыздалат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат.