Жарыяланган 6.12.2021

Пенсияны коммерциялык банкттар аркылуу төлөөгө өтүүнүн тартиби

Пенсияны коммерциялык банкттар аркылуу төлөөгө өтүүнүн тартиби

Пенсияны коммерциялык банкттар аркылуу төлөөгө өтүүнүн тартиби

Эгерде пенсионер жеткирүү ыкмасын өзгөрткүсү келсе, ал пенсиялык иши турган Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоосу керек.

Эгерде пенсионер коммерциялык банктын тейлөөсүнө өтүүнү чечсе, ал алдын ала пенсиясын алууга ыңгайлуу жана пайдалуу банкты тандап, жанына паспортун жана пенсиялык күбөлүгүн алып  банк менен тийиштүү келишим түзүп, андан кийин гана банк эсебинин маалыматтары менен  пенсиялык иши турган Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына барып анан пенсияны жаңы ачылган банк эсебине чегерүү жөнүндө арыз бериши керек.