Жарыяланган 3.12.2021

Социалдык фонд Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жарыялайт

Социалдык фонд  Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө  конкурс жарыялайт

Социалдык фонд

Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө

конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Конституциялык мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын билиши;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди билиши;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташа билиши;

- өз ишин натыйжалуу пландай билиши;

- жамааттын ичинде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар ортосундагы байланыш, карым-катнаш методдорун колдоно билиши;

- компьютердик жана иш техникасында, керектүү программалык продуктыларда иштей билиши.

 

  1. БОРБОРДУК АППАРАТ
  1. Юридикалык башкармалыктын башчысы - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • юридикалык жогорку билим.

Иш стажы:

  • Социалдык фонддо 2 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоону жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну;
  •  талдоону, болжолдоону, жалпылоону, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө мамилелердин интеграцияланышын;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алууну жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууну;
  •  кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табууну жана чечүүнү;
  •  коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл мамилелерди колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү.

Тажрыйбалары:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу тажрыйбалары;
  • маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо тажрыйбалары;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө тажрыйбалары жана аларды практикада колдонуу;
  • жаңжалдуу кырдаалдарды жөнгө салуу тажрыйбалары;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү тажрыйбалары;
  • функционалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка талаптар.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КЕРЕК:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурска катышууга жеке арыз;

- сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракчасы;

- байланыш телефондору менен таржымал (резюме);

- сунуштамасы болсо (жакшы болот);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен);

- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген);

- эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын ыйгарылышы тууралуу документтин нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырууга жаткан адамдар үчүн), түп нускалары документтерди тапшырууда талапкер тарабынан жеке берилет.

 

Бош кызмат ордуна конкурстун шарттары жана компьютердик тесттин суроолорунун тизмеги менен www.socfond.kg сайтынын «Вакансиялар» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер                   2021-жылдын 16-декабрына чейин төмөнкү даректердин бирине берилиши керек:

 

  1. Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 (Борбордук аппарат), (0312) 54-79-74, 57-65-21 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот.

 

Конкурска катышууга жол берилген талапкерлер берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссияга чакырылат.

 

Жарандардын берилген документтери жана маалыматтары, белгиленген талаптарга жооп бербеген болсо, конкурска катышууга жол берилбейт.