Жарыяланган 22.10.2021

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси калк арасында пенсиялык, социалдык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келет.

Ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аппаратынын кызматкерлерине, Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт Академиясынын, КР Профсоюздар федерациясына караштуу Эмгек жана социалдык иштер Академиясынын, Бишкек шаарындагы №17-Үй-бүлөлүк медициналык борборунун эмгек жамаатына жана студенттерине окутуулар өткөрүлдү. Мындан сырткары 2010-жылдын 13-октябрында Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян Университетинин 15 мугалимдери жана студенттерине тегерек стол-семинар өткөрүлдү.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жер-жерлерде өткөрүлгөн лекцияларга, жогоруда аты аталган мекемелердин 215 кызматкерлери жана студенттер катышты.

Окутуулардын жүрүшүндө, угуучулар Окуу борбору мекемесинин кызматкерлерине сууроолор менен кайрылып, так жоопторду алышты жана угуучуларга атайын чыгарылган түшундүрмө материалдар таратылып берилди.

Мындай иш-чаралар алдын-ала иш мерчемдеринин алкагында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.