Жарыяланган 21.10.2021

Соцфондко 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 5400 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфондко 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 5400 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфондко 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 5400 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 5400 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен:

  • жазуу турундө кайрылуулар - 453;
  • ооз эки кайрылуулар - 436;
  • электрондук кайрылуулар - 175.

2021-жылдын январь-сентябрь айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  •  пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле, Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан 54 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу  мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2021-жылдын январь-сентябрь айларында 4282 чалуулар ишеним телефон аркылуу келип түшкөн.