Жарыяланган 11.10.2021

Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча жеке уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат

2021-жылдын 5-октябрында Соцфонддун жыйындар залында Соцфонд кызматкерлеринин кыргызстандык  жарандарды Түркияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу  боюнча жеке уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун негизги максаты - жеке ишке орноштуруу уюмдарынын чакырылган өкүлдөрүнө Түркия менен жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагынды  жумушчу жарандарды пенсиялык жана социалдык камсыздоо жөнүндө  түзүлгөн жана күчүнө кирген эки эл аралык келишимдер боюнча жана бул келишимдерде бекитилген нормалар, иштеген мезгилде пайда болгон пенсиялык укуктарды талап кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун кызматкерлери чакырылган катышуучулардын пенсиялык укуктарды түзүү шарттары, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жана Түркиянын ичинде пенсияларды дайындоо, төлөп берүү жана которуу тууралуу суроолоруна жооп беришти.