Жарыяланган 1.10.2021

Өзгөн социалдык фондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Өзгөн социалдык фондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Өзгөн социалдык фондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

2021-жылдын 01 октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун Өзгөн райондук башкармалыныгын жаңы имаратынын ачылышы болуп, анда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бейшеналиев А.С., Соцфонддун төрагасы Орозалиев Ж.А., Ош облусунун Өзгөн районунун акими Раматов М.С., жалпыга маалымдоо каражаттары жана Социалдык фонддун казматкерлеринин катышуусу менен өттү.

Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгынын имараты 1977-жылы курулуп ошол кездеги Райком партиянын биринчи катчысынын кызматтык үйү катарында пайдаланууга берилген. Бул имарат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы №827 токтомунун негизинде Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

Бүгүнкү күндө имараттын эскилиги жеткендиктен Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонд башкармалынын чечими менен жаны имарат курууга уруксат берилип, жаны имарат курулуп пайдаланууга берилүүгө даяр турат. 

Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгында 1991-жылдан 1996-жылга чейин Улугахунов Токтомамат , 1996-жылдан 2005-жылга чейин Шанаев Султан, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Джумаев Кубаныч, 2010-жылдан 2017-жылдын июнь айына чейин Сыдыков Равшан, ал эми 2017-жылдын июнь айынан ушул күнгө чейин Жолдошалиев Абдрахман Тобокелович жетекчилик кызматын аркалап келүүдө.

Башкармалык азыркы күндө негизинен пенсия чегерүү  жана жарандарды кабыл алуу,бухгалтердик эсеп жана пенсиянын төлөөнүшүн  көзөмөлдөө, жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн  эсепке алуу жумуштары менен алектинип жатат. Башкармалыкта штаттык бирдикке ылайык 19 жоопту кызматкер эмгектенет, алардын бардыгы жогорку билимдүү.

01.10.2021-жылга карата райондук социалдык фонд башкармалыгында 26800 пенсионер катталып анын ичинен:

  • Карылыгы боюнча – 20307 пенсионер, анын ичинен:

Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучулары -1

Персоналдык пенсионерлер -22

Чэрнобль атомдук-электр станциясынын майыптары- 18

  • Майыптыгы боюнча – 4995 пенсионер
  • Багуучусунан ажырагандыгы боюнча - 1498 пенсионерлер пенсия алышат.

Район боюнча иштеп жаткан 2859 пенсонерлерге 2020-жылы иштеген айлык акылары боюнча кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп пенсиялары төлөнүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду тарабынан 2019-жылдын 1-июльнан баштап камсыздандыруу адамдын электрондук кабинетин ишке киргизилген. Электрондук кабинет аркылуу  пенсиясынын өлчөмү, пенсия эсептөөдө алынган эмгек стажы, орточо айлык акысы тууралуу протоколду, камсыздандыруу эсебине түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча, пенсиясынын топтоо бөлүгү боюнча, ж.б. маалыматтарды ала алат.  

Пенсия төлөө Айыл банк, РСК банк, АКБ «Кыргызстан», Керемет банк, КICB, «Бакай» банк, Бай-тушум банк, Халык банк, Азия банк, Капитал банк, Эко-исламик банк, Компаньон банк, Доскредо банк жана Финка банктары аркылуу жүргүзүлүп жатат.

2021-жылдын 9 айында 16609 пенсионерлер банктардан пенсиясын алышып жалпы пенсонерлердин 62 % түзсө, Кыргыз почтасы аркылуу 10191 пенсионер алып    38 % түздү.

 

 

Пенсионер-лердин саны

Бир айлык керектелүүчү сумма (мин сом)

2021-жылдын 8 айында төлөнгөн сумма (мин сом)

Банктар аркылуу

16669

83 740 ,3

747 985,0

Почта аркылуу

10131

53 570 ,1

514 537 ,6

Баары

26800

137 310 ,5

1 262 522,6

 

2021-жылдын сентябрь айы үчүн керектелүүчү сумма 137 310,5 мин сомду түзүп, толук каржыланды.