Жарыяланган 1.10.2021

Бүгүн 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланды.

Бүгүн 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланды.

Бүгүн 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыгы менен пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында,  «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзүү тапшырылган. 

Учурда бул Жарлык толугу менен аткарылды.

Ошентип, 2021 -жылдын 1 -октябрынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлдү.

Пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан - 4785,4 сомдон төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү 2020-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө, 110%га индексациаланды. 

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,08 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 455 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомду түздү. Белгилей кетсек, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.

715,5 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 984,9 миллион сом кошумча каражат керектелет.