Жарыяланган 30.09.2021

Социалдык фонддун 2021-жылдын январь-август айларындагы ишинин жыйынтыктары

Социалдык фонддун 2021-жылдын январь-август айларындагы ишинин жыйынтыктары

Социалдык фонддун 2021-жылдын январь-август айларындагы ишинин жыйынтыктары

2021-жылдын январь-августуна карата алдын ала маалыматтар боюнча Соцфонддун жалпы кирешеси 40476,7 миллион сомду түздү. 2020-жылдын январь-август айларынын бюджетинин аткарылышына салыштырмалуу 4906,9 млн сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 24753,1 млн. сомду жана бекитилген пландан 653,1 млн сом көп түштү же 102,7 % туздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4119,2 миллион сомго көп түштү.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнгөн каражаттар 2021-жылдын январь-август айларында 15501,1 миллион сом суммасында түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча Социалдык фонддун чыгымдары
2021-жылдын январь-август айларында 39661,1 млн. сомду түздү, бул 2020-жылдын январь-август айларында 2841,9 млн. сомго көп. 

2021-жылдын январь-август айларында пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн 33259,9 млн. сом көлөмүндө бардык керектелген сумма толугу менен каржыланды. 2021-жылдын 1-сентябрына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 

2021-жылдын январь-август айларында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1685,0 млн сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 135,2 млн сом суммасында каржыланды.

2021-жылдын январь-август айларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун бюджети 815,7 миллион сом суммасында профицит менен аткарылды.

2021-жылдын 1-сентбрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 709,7 миң адамды түздү, алардын ичинен 237,3 миң адам же жалпы санынын 33% "Кыргызпочтасы" МИ филиалдары аркылуу, 472,4 миң адам же 67% республиканын банктары аркылуу алышат.

2021-жылдын январь - август айларында жалпысынан 45791 пенсиялык иш чектелди жана кайра эсептелди, алардын ичинен  38383 пенсиялык иш жаңыдан чектелген жана 7408 иш кайра эсептелген.

Санариптештирүүнүн алкагында ушул тапта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалымат тутумун интеграциялоо боюнча талкуулар жүрүп жатат, анын натыйжасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине пенсия чектөө жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт.

2019-жылы Соцфонд камсыздандырылган адамдын электрондук кабинетин (өздүк кабинет) ишке киргизди. Өздүк кабинет аркылуу төмөнкүлөрдү кылса болот: Өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алууга; Пенсия чектөө үчүн арыз берүүгө; Пенсияны кайра эсептөө үчүн арыз берүүгө; Пенсия чектөө протоколун алууга сурам берүүгө; Төлөм каналын алмаштыруу үчүн арыз берүүгө ж.б.

Иштин жүрүшүндө 171 484 колдонуучу катталды, бардык багыттар ​​боюнча 24 476 арыз түштү, анын ичинен: 319 пенсия чектелди, 73 пенсия кайра эсептелди, 20325 жаранга өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмө берилди.

Өздүк кабинет аркылуу камсыздандырылган адамдар жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук бере алышат, андан соң көптөгөн коммерциялык банктар онлайн режиминде насыя бере алышат.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө маалымат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыгы менен пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында,  «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзүү тапшырмасы берилген, ушул тапшырма толугу менен аткарылып бүгүн 1-октябрга карата Республикабыздын бардык райондорунда боюнча пенсия кайра эсептөө иштери бүттү.

Ошентип, 2021 -жылдын 1-октябрынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйдү.

Пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан - 4785,4 сомдон төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү 2020-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө, 110%га индексациаланды. 

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 455 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомду түздү. Белгилей кетсек, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.

715,5 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 984,9 миллион сом кошумча каражат керектелет.