Жарыяланган 23.09.2021

Соцфонддун төрагасы Ж.Орозалиевдин 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосу!

Соцфонддун төрагасы Ж.Орозалиевдин 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосу!

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан баардык кесиптештерди бүгүнкү Мамлекеттик тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Тил улуттун жан дүйнөсү – деп таамай айтылгандай тилибиздин тагдыры жалпыбыздын, ал гана турсун ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул – тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Башка элдерге сиңип жок болуп кетет. Карт тарыхта жүздөгөн элдердин башка элге сиңип, жок болуп кеткени баарыбызга мааалым.

Тил жоголбойт,

Жоголсо, жоголот дил!

Уулуң да, кызың дагы жоголот, бил! – деп Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев таамай айткандай эне тилибиз эң башкы байлыгыбыз.

Биздин ата-бабаларыбыз эне тилинде “Манас” эпосун жаратып, муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген.

Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын нуска кептери, чоң аталардын санжырасы, чоң энелердин жомогу, комузубуздун күүсү, кыз-жигиттердин шырылдаңы, бекбекейи менен сиңип келген.

Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.

         Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

Урматтоо менен,

Социалдык фонддун төрагасы Орозалиев Жаныбек Аманович!