Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү чаралары жөнүндө

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп 2019-жылдын 1-январынан тартып отчеттук мезгилдер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан зарыл болгон уюштуруу-техникалык чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына (2019-жылдын 1-январына карата) зарыл болгон маалыматтарды өткөрүп берүү механизмин иштеп чыксын жана аларды техникалык шарттарга ылайык өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын 240 кызматкерин ушул токтомдун тиркемесине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып 30-июнуна чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагында убактылуу иштөөгө жиберсин;

- камсыздандыруу полистеринин бланктарынын пайдаланылбаган калдыктарын жана юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2020-жылдын 1-январына чейинки мезгилде камсыздандыруу полистеринин бланктары жана юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар менен камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр арасында ушул токтомдун 1-пунктунун ишке ашырылышы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте салык кызматынын органдары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруунун укуктук негизин караган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

7. Төмөнкүлөр 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-ноябрындагы № 763 "Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 "Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январында N 1 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

Тиркеме

2019-жылдын 1-январынан тартып 30-июнуна чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына иштөөгө жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын кызматкерлеринин саны тууралуу
МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аталыштары

Кызматкерлердин саны

1

Борбордук аппарат

5

Бишкек шаары

 

2

Биринчи Май райондук башкарма

10

3

Свердлов райондук башкарма

14

4

Ленин райондук башкарма

14

5

Октябрь райондук башкарма

10

Чүй облусу

 

6

Аламүдүн райондук башкарма

7

7

Ысык-Ата райондук башкарма

7

8

Сокулук райондук башкарма

4

9

Москва райондук башкарма

3

10

Жайыл райондук башкарма

6

11

Панфилов райондук башкарма

3

12

Кемин райондук башкарма

4

13

Чүй-Токмок райондук башкарма

7

Талас облусу

 

14

Талас райондук башкарма

7

15

Бакай-Ата райондук башкарма

3

16

Кара-Буура райондук башкарма

3

17

Манас райондук башкарма

2

Жалал-Абад облусу

 

18

Ала-Бука райондук башкарма

3

19

Чаткал райондук башкарма

1

20

Аксы райондук башкарма

3

21

Базар-Коргон райондук башкарма

4

22

Майлуу-Суу шаардык башкарма

1

23

Ноокен райондук башкарма

4

24

Тогуз-Торо райондук башкарма

1

25

Сузак райондук башкарма

6

26

Жалал-Абад шаардык башкарма

5

27

Токтогул райондук башкарма

4

28

Кара-Көл шаардык башкарма

3

29

Таш-Көмүр шаардык башкарма

2

Ош облусу

 

30

Ош шаардык башкарма

11

31

Алай райондук башкарма

3

32

Чоң-Алай райондук башкарма

2

33

Кара-Кулжа райондук башкарма

2

34

Өзгөн райондук башкарма

6

35

Кара-Суу райондук башкарма

10

36

Ноокат райондук башкарма

6

37

Араван райондук башкарма

3

Баткен облусу

 

38

Баткен райондук башкарма

3

39

Кызыл-Кыя шаардык башкарма

3

40

Кадамжай райондук башкарма

3

41

Лейлек райондук башкарма

3

42

Сүлүктү шаардык башкарма

1

Ысык-Көл облусу

 

43

Ак-Суу райондук башкарма

3

44

Жети-Өгүз райондук башкарма

3

45

Түп райондук башкарма

3

46

Ысык-Көл райондук башкарма

4

47

Тоң райондук башкарма

3

48

Балыкчы шаардык башкарма

2

49

Каракол шаардык башкарма

3

Нарын облусу

 

50

Нарын райондук башкарма

7

51

Ак-Талаа райондук башкарма

2

52

Кочкор райондук башкарма

3

53

Ат-Башы райондук башкарма

3

54

Жумгал райондук башкарма

2

 

Бардыгы

240