Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 22-майындагы
N 278 токтому менен
бекитилген

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
НУСКАМА

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 548, 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147, 2017-жылдын 25-майындагы № 305, 2017-жылдын 24-августундагы № 527, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 828 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Нускама камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү эсепке коюунун, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн, жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоонун (эсепке коюунун), ошондой эле милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду түзүүнүн тартибин аныктайт (мындан ары - Нускама).

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Нускама "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификациялык (жекече) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган.

3. Бул Нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:

1) аккумуляциялык эсеп - ведомствонун ички эсептери боюнча которулган камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптар жана туумдар, регресстик доолор, капиталдаштырылган суммалар, каражаттар түрүндө алынган акча каражаттарынын бардыгын жана анын кыймылын чагылдырган камсыздоочунун банктык эсеби;

2) камсыздандырылган адам - анын пайдасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жүргүзүлгөн жеке жак;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жана кайсыл бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигин тастыктай алган, калктын укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген жашап туруу укугу бар Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адам;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жана кайсыл бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигин тастыктай алган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган күчүндө турган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адам;

5) капиталдаштырылган сумма - юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда жана жеке ишкер ишин токтоткондо эмгектик мертинүү, кесиптик ооруларга чалдыгуу же башка ден-соолугуна зыян келтирүү боюнча зыяндын ордун толтуруу суммасы;

6) жекече камсыздандыруу эсеби - социалдык камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адамдын эмгектик жана башка ишинин бүткүл мезгилинде топтолгон жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия жана башка төлөмдөрүн дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылган камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;

7) эл аралык уюм - мамлекет аралык, өкмөт аралык уюм, ошондой эле өзүнүн уставдык ишин (расмий өкүлчүлүктөрү же алар тарабынан уюштурулган уюмдары бар) кеминде эки мамлекеттин аймагында ишке ашырган өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюм;

8) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийинки күндөн тартып түзүлгөн карыздардын суммасы;

9) жекече эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында ар бир адам жөнүндө маалыматтарды жекече эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү;

10) жеке идентификациялык номер (ЖИН) - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда караган учурлардан тышкары, ошол адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;

11) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр:

- уюштуруу - укуктук түрүнө жана менчиктик түрүнө карабастан юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын өзүнчө турган бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);

- юридикалык жак - менчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же оперативдүү башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, өз атынан ушул мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алуучу жана ишке ашыруучу, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алуучу уюм;

- дыйкан (фермер) чарбасы (мындан ары - дыйкан чарба) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон же болбосо өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын өндүрүүнү чогуу жүргүзгөн бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн, тууган-туушкандардын жана башка адамдардын жеке эмгегине негизделген, дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогуна же башка мүлккө негизделген өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект;

- жеке ишкер - уюм түзбөстөн ишкердик ишин, анын ичинде патенттик негизде жүргүзгөн жеке адам;

Токтомду толугу менен карап чыгуу